Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжи Миссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо

Талапкер 2022!!!
Биз студенттерди кабыл алабыз. Контракт 20 000 сом
Кош келиңиз, Талапкер 2022! Контракт 20 000сом
Кочкор-Ата колледжи жаңы 2022/2023 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт!
Колледж жамааты

Новости

2- ноябрь күнү Кочкор-Ата колледжинде Илим күнүнө карата илимий- практикалык конференция болуп өттү. Анда педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Эшиев Жаркул Абдимиталипович "Адабий көркөм сында Молдо Кылычтын мурастарын окутуу", Момбаева Ф. "Каржы дүйнөгө саякат ", Абдыкарова У. "Студенттердин билим сапатын жогорулатуудагы инновациялык методдордун орду" деген темаларда өз макалаларын окушту. Студенттердин катышуусунда 11 студент педагогика, техникалык багыттарда макалаларын алып чыгышты. Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү маселелерди талкуулоо менен конференция резолюция кабыл алды: 1. Күнүмдүк турмушта, жумушта, ар кандай иштерди аткарууда Мамлекеттик тилде сүйлөшүү; 2. Жаштардын илимий багытта изденүүсүнө көмөктөшүү, жол көрсөтүү. Катышуучулар : Кочкор-Ата колледжинин окутуучулары жана студенттер. Уюштуруучу : Кочкор-Ата колледжинин усулдук иштер боюнча инспектору Джумабаева Элмира Абдиметалиевна.

Мы в цифрах

40
ЖЫЛ
1100
СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ
250
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
12750
КИТЕПТЕРДИН САНЫ