Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжи Миссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо

Биз жөнүндө

                                                    Б.ОсмоноватындагыЖалал-Абадмамлекеттикуниверситетинин Кочкор-Ата колледжи.

Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы СССРдин электрондук өнөр жай министрлигинин №423–буйругу менен, Кочкор-Ата кечки электрондук приборлор техникуму (Кочкор – Атинского вечерного техникума электронных приборов) болуп уюшулган жана директору – Маманов Абдыбакы Маманович дайындалат.Окуу жайдын алгачкы башкы эсепчиси укугуна ошол учурда СССРдин электрондук өндүрүш министрлигинин 1981 – жылдын 15 – октябрындагы №77 – буйругунун негизинде Пан Людмила Николаевна ага эсепчи (старший бухгалтер) кызматына киришкен.

Окуу жай түзүлгөн жылдан баштап, 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, Ноокен районунун ардактуу атуулу Маманов Абдибакы Маманович жетектеген. Ал иштеген учурда окуу жайдын көптөгөн окуу имараттары курулуп, 1989-жылы ишке берилген. Абдибакы Маманович материалдык техникалык базаны түптөп, электрондук приборлорду чыгаруучу «Анар» заводуна орто кесиптик билимдүү кадрларды даярдаганга чоң салымын кошкон. Окуу жайдын территориясында арча-карагайларды, мөмөлүү бак-дарактарды эгип, окуу жайдын тегерегин жашылдандырып көркүнө чыгарган.

Окуу жайдын алгачкы буйруктарынын негизинде 1981 – жылдын 19 – октябрындагы № 2 – буйругу менен окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматына Плахотнюк Александр Иванович, Чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп Ажыкулов Ташболот 21 — октябрынан дайындалат.

Октябрь айынан тарта окуу жайга студенттерди кабыл алуу иши башталып, кабыл алуу комиссиясынын сунушу менен алгач 70 студент, (Пр.№7, 9 – ноябрь, 1981 – жыл) кийинчерээк ноябрь айындагы кошумчалоолор менен жалпы 88 студент экзаменге кирүү укугун алат. Кирүү экзамени орус тили жана адабиятынан болуп, алгач 88 студент катышкан болсо, кийинки математикадан 80 студент катышкан. 1981 – жылдын 20 – ноябрындагы № 12 – буйругунун негизинде Радиодеталдар жана радиокомпоненттер өндүрүшү бөлүмүнө 60 студент кабыл алынган. 1982 – жылдын 8 – январында № 18 – буйругунун негизинде 2 окутуу тайпасы менен ишин баштаган. 1982 – 1983 – окуу жылына студенттерди кабыл алуу 8 – класстын базасында башталган. 1984 – жылдан тартып окуу жайга 8 – жана 10 – класстын базасында даярдоо курстары ачылып, алгач 3 тайпада ишин алып барган.Окутуу жараянын уюштуруу – өнүктүрүү иштеринде алгач усулдук байланыштары Майлуу – Суу электромеханикалык техникуму, кийинчерээк СССРдин башка тиешелүү аймактарындагы окуу жайлар менен жүргүзгөн. Окуу жай өз ишмердүүлүгүндө алгачкы бүтүрүүчүлөрдү 1985 – жылдан тарта чыгара баштап, 41 студент дипломдук иштерин ийгиликтүү коргоо менен окуу жайды аяктаган.(дипломдорду жана убактылуу бүткөндүктөрү тууралуу тактамалар катталган  журналдар 1985 – 1996 гг.)

Окутуучуларды кабыл алуу, окутуу жараянын ишке ашыруу 1981 – жылдын  1 – декабрынан башталат. №16 – буйругу менен орус тили мугалими Гатаулина Халида Закировна (айкалыштыруучу), Кожоев Орунбай Исмаилович – математик, Жернов Алексей Владимирович – математик (айкалыштыруучу), Бастраков Николай Алексеевич – атайын дисциплиналар (айкалыштыруучу) боюнча окутуучу катарында жумушка киришкен.1984 – жылга карата окуу жайда жалпы 14 кызматкер иштеген. Билим алган студенттердин саны эгемендүүлүк жылдарга чейин 100 – 150 студентти түзгөн.

Бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жаткан кызматкер катары Кожоев Орунбай Исмаиловичти окуу жайдын студенттери жана азыркы кызматкерлери ардагер жана уюштуруу иштеринде активдүү катышкандыгын тирүү тарыхый булак катары кызыгуу менен маектирин угушат. Мындан сырткары маркум, Кенжебаева Калбү Какеновна окуу жайда 2018 – жылга чейин эмгектенип, окуу жайдын алгачкы мезгилдериндеги татаал жана тарыхый жолдорунан баяндап сабак алууга чакырчу. Калбү эжеке окуу жайда 1981 – жылы лаборант кызматына дайындалып, 1983 – жылы кассир кызматына которулуп, кийин Эгемендүүлүк жылдарында сырттан окуу бөлүмүндө эмгектенип окуу жайда бир топ жумуштарды аркалоо менен үзүрлүү эмгегин бүгүнкү күндөгү окутуучулар, бирге иштеген кызматкерлер унутта калтырбай айтып жүрүшөт.

Эгемендүүлүк жылдарында:

Эгемендүүлүк жылдарында окуу жай билим берүү ишмердүүлүгүн улантып, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууда мурдагыдай болбой, базар экономикасынын алгачкы жылдарындагы билим берүүнүн жаңыча системасына өтөт. Студенттерди окутуп тарбиялоо жана даярдалган адистердин суроо талапка жооп берүүсүнүн төмөндөгөнүн же жогорулагандыгын таблица аркылуу көрүүгө болот:

Жылдар199119921993199419951996199719981999
Бүтүрүүчүлөрдүн саны431368402889221777

1993-жылы Кыргыз өкмөтүнүн №197 буйругу менен окуу жайдын аталышы өзгөртүлүп, Кочкор-Ата техникалык колледжи (КТК) болуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамына кирет. Бул жылдарда окуу жай өлкөдөгү экономикалык – саясий кризистер менен катар базар экономикасынын шарына ылайыкташууну башынан өткөрөт. Мындан улам окуу жайда сырттан окуу бөлүмдөрү уюштурулуп, башка адистиктер ачылды. Мурда окуу жай “Анар” заводуна адистерди даярдап берген болсо, бул учурда “Кыргызнефтегаз” ААКна адистерди даярдоо жана окутуу ишмердүүлүгүн бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүп келет.

1995 – 1996 – окуу жылынан Кочкор – Ата техникалык колледжи (КТК) жогорку билим берүү боюнча адистерди даярдоого киришкен. Алгачкы кабыл алуу экзаменине катталган студенттеринин жалпы саны 77 ни түзүп 2 адистикке багытталган. Алсак, Т – 06. 307 – “Нефти жана газ булактарын иштетүү жана эксплуатациялоо Разработка и эксплуатация газовых и нефтянных месторождений”,  Т – 07. 304 – “өндүрүш электроникасы Промышленная электроника”, Т – 06. 307 – “ Тоо-кен иштери Горное дело” адистигине кабыл алынганы. Бул студенттер Жалал – Абад мамлекеттик университетинин (ЖАГУ) буйругу менен КТКга студент катары кабыл алынып, окутуу жараянын жүргүзүү КТКнын окуу имаратында жүргүзүлгөн. Мында белгилей кетүүчү жагдай КТКнын базасы аталган адистиктерди окутууда негизги орунду ээлеген жана практика өтөөчү базанын бир аймакта жайгашуусу талапка ылайыктуу болгон . Мындан сырткары 1995 – жылдардан тарта окуу жайда студенттердин саны өсүп, адистиктердин жаңы ачылышына шарт түзүлгөн. Алсак 1996 – жылдын 16 – июлундагы №20 — курстан курска көчүрүү буйругу менен жалпысынан 257 окугандыгын билүүгө болот. Ошондой эле ушул жылдагы №23, 25, 26 – буйруктарында көрсөтүлгөндөй окуу жайга кабыл алынган студенттердин жалпы саны 105ти түзгөн. Бул жылда КТК даярдоо адистеринин багытын кеңейтип, жаңы адистерди ачуу менен кабыл алуу ишин баштаган. Алсак,

  1. Бухгалтердик эсеп, айыл чарбасын талдоо (тармактар боюнча)
  2. Бухгалтердик эсеп жана аудит
  3. Педагогика
  4. Тарых
  5. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)
  6. Финансы жана кредит
  7. Токой чарбасы
  8. Кыргыз тили жана адабияты адистиктерин ачуу менен бирге Шамалдуу – Сайда жана КТКда ОКП(окуу – консультативдик пункт) филиалдары ачылган. Бул филиалдарда негизинен кабыл алынган студенттер ЖАМУнун көзөмөлдөөсү менен билим берилип, 2003 – жылга чейин улантылган.

 

1997 – 2003 – жылдар аралыгында окуу жайды маркум Кудайназаров Исманаалы Узенович жетектейт.

Ал жетектеген учурда Кочкор-Ата техникалык колледжинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу консультативдик пункту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жогорку кесиптик билим берүүчү адистиктер даярдала баштаган. Окуу жайдын өнүгүүсүно зор салымын кошкон, анткени студенттердин санынын өсүүсү менен окуу жайда жумуш орундары пайда болуп көптөгөн окутуучулар кабыл алынган. Мындан сырткары ушул жылдарда кыска мөөнөттөгү айдоочулук жана ЭЭМдин оператору курстары өз ишин жүргүзүп келген, студенттер тандаган адистиктери боюнча билим алуу менен бирге айдоочулук күбөлүктөрүн жана ЭЭМдин оператору деген сертификаттарга ээ болушкан.

КТКнын бүтүрүүчүлөрүнүн кескин түрдө өсүүсү жана студенттердин орто кесипке карата багытталышы 2005 – жылдардан өскөндүгүн төмөнкү таблицадан көрүүгө болот:

Жылдар200120022003200420052006
Бүтүрүүчүлөрдүн саны11611914913237455

 

1997 – жылдан тарта окуу жай  “Автомобилдерди техникалык жактан тейлөө жана оңдоо” адистигин ачуу менен бүтүрүүчүлөрдү азыркы “КНГ”ААКнын “УТТ” башкармалыгына даярдоону баштаган.Бул ачылган адистиктер үчүн окуу куралдары жана эмеректери алынып, материалдык техникалык база чыңдалган жана студенттердин контингенти кескин түрдө көбөйгөн.

2003-жылдан тартып 2018-жылдын октябрь айына чейин окуу жайды физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Тампагаров Куштарбек Бекмуратович жетектеп келген. Ал жетектеген мезгилде окуу жайда бир топ көрүнүктүү иштер жасалган, материалдык техникалык база чыңдалган, жаңы адистиктер ачылган. Ошондой эле Merci Corps компаниясы менен биргеликте окуу жай үчүн жаңы технололгиялыр алып келинип ишке киргизилген. Автоунааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо адистиги боюнча бир топ көрүнүктүү иштер жасалган. Окуу кааналары, студенттер үчун автоунаанын тетиктери менен практикалык сабактарды эффективдүү өтүү атайын аудиториялар жасалгаланган. Мындан сырткары К.Б.Тампагаровдун жетекчилиги менен «Азия өнүктүрүү банкы» (АБР) каржылаган долбоорлорго катышып, натыйжада 1-проектисинен 6млн. сомдон ашык инвестиция тартылып, окуу-өндүрүштүк устакана жана 2 аудитория компьютердик жабдыктар менен жабдылган.

 

2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин №726/1 буйругу менен Кочкор- Ата колледжи болуп аты өзгөртүлдү.

2018-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын апрель айына чейин Кочкор-Ата колледжинин директору болуп  Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Молдокеримова Эктибар Карабековна эмгектенди.

2021-жылдын апрель айынан азыркы күнгө чейин окуу жайды тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Назарбаева Батма Суйналиевна жетектөөдө. Ушул кыска убакыттын ичинде Батма Суйналиевна республикалык долбоорлор менен иштеп окуу жайга 4 миллиондон ашык инвестиция тартып, натыйжасында  окуу имаратынын терезелери жаңы заманбап пластикалык терезеси Кочкор-Ата Мэриясы менен биргеликте жалпы сметалык баасы 2 млн 167 миң сомго алмаштырылды. Өндүрүштүк устаткана имаратынын 2-кабаты баштан аяк оңдолуп, 2 чоң лекциялык аудитория, 1 компьютердик кабинет жана 1 практикалык сабак өтүү аудиториялары блок парта, проектер, интерактивдүү доска жана компьютерлер менен жабдылды. Окуу жайдын ашканасы учурда толук ремонттон өтүп, ишке киргизүү алдында турат. Ноокен Өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен 2 млн 683 миң 126 сомдук сметалык баа менен окуу имараты толук капиталдык ремонттоодон өткөрүлдү. Кыргызнефтегаз ААКнын демөөрчүлүгү менен 200 миң сомдук акча каражатына кошумча жабдуулар алынды.

Адистиктер:

  1. 080110 — Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча). Квалификация: Бухгалтер.
  2. 240404 – Мунай менен гады кайра иштетүү. Квалификация: Технмк – технолог.
  3. 130505 – Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо. Квалификация: Техник – технолог.
  4. 130504 – Мунай жана газ скважиналарын бурголоо. Квалификация: Техник – технолог.
  5. 220206 – маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча). Квалификация: Техник.
  6. 190604 – Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо. Квалификация: Техник.
  7. 190503 – Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо. Квалификация: Техник – электромеханик.
  8. 050709 – Башталгыч класстарда окутуу. Квалификация: Башталгыч класстын мугалими.
  9. 050704 – Мектепке чейинки билим берүү. Квалификация: Мектеп жашына чейинки балдардын тарбиячысы.

Бүтүрүүчүлөр – Биздин сыймыгыбыз!

Кочкор-Ата колледжинин бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда талапка ээ.  Негизинен Кыргызнефтегаз ААКнун жумушчуларынын басымдуу бөлүгү биздин бүтүрүүчүлөр болуп саналат.

Ошондой эле ар түрдүү тармактарда эмгектенген Кочкор – Ата колледжинин бүтүрүүчүсү аталган өлкөбүздүн, районубуздан жана ошондой эле шаарыбыздын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошуп жаткан эр азамат жаштарыбыз менен сыймыктана алабыз. Алардын айрымдары:

  1. Жумаев Алтынбек Токтомуратович – Кочкор-Ата шааныны мэри;
  2. Абдразаков Нургазы Абдразакович–Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы;
  3. Султаналиев Куланбек Турдубаевич – «Керамика» акционердик коомунун директору;
  4. Жунусов Акылбек Болотбекович — «БАКАЙ» банкынын жетекчиси;
  5. Мамашев Алтынбек Адылжанович – жеке ишкер
  6. Алымкулов Авазбек Кабылбекович — Кыргызнефтегаз ААКнун иштеп чыгуу бөлүмүнүн жетекчиси;
  7. Турдалиев Урмат Тургунполотович – №2 автоколоннанын жетекчиси;
  8. Эшатов Мырзабек – Кыргызнефтегаз ААКнун ТБ бөлүмүнүн жетекчиси;
  9. Назаров Данияр Дуйшонович – УВС бөлүмүнүн жетекчиси;
  10. Алиев Сайранбек — Кыргызнефтегаз ААкун ГРС бөлүмүнүн жетекчиси;
  11. Абдраев Талантбек Мамытович – ӨАК Сургутнефтегаздын скважиналарды ремонттоо мастери.

 

 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжи

 

Кочкор-Ата колледжинин миссиясы:

Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо.

       Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы СССРдин электрондук өнөр жай министрлигинин №423-буйругу менен, Кочкор-Ата электрондук приборлор техникуму болуп уюшулган. 1993-жылы Кыргыз өкмөтүнүн №197 буйругу менен Кочкор-Ата техникалык колледжи болуп түзүлүп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамына кирген.

         Ал эми 2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илимминистрлигинин №726/1 буйругу менен Кочкор- Ата колледжи болуп аты өзгөртүлдү.

         Окуу жай түзүлгөн жылдан баштап, 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, Ноокен районунун ардактуу атуулу Маманов Абдибакы Маманович жетектеген. Ал иштеген учурда окуу жайдын окуу имараттары курулуп, 1989-жылы ишке берилген. Абдибакы Маманович материалдык техникалык базаны түптөп, электрондук приборлорду чыгаруучу «Анар» заводуна орто кесиптик билимдүү кадрларды даярдаганга чоң салымын кошкон. Окуу жайдын территориясында арча-карагайларды, мөмөлүү бак-дарактарды эгип, окуу жайдын тегерегин жашылдандырып көркүнө чыгарган.

       Бул ачылган адистиктер үчүн окуу куралдары жана эмеректери алынып, материалдык техникалык база чыңдалган жана студенттердин контингенти кескин түрдө көбөйгөн.

  Окуу жайды 1997-жылдан 2003-жылга чейин маркум Кудайназаров Сманалы Узенович жетектеп келген. Ал жетектеген учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу консультативдик пункту ачылып, жогорку кесиптик билим берүүчү адистиктер даярдалган.

2003-жылдан тартып 2018-жылдын октябрь айына чейин окуу жайды физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Тампагаров Куштарбек Бекмуратович жетектеп келген. Ал жетектеген мезгилде окуу жай бир топ көрүнүктүү иштер жасалган, материалдык техникалык база чыңдалган, жаңы адистиктер ачылган.
2018-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын апрель айына чейин Кочкор-Ата колледжинин директору болуп  Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Молдокеримова Эктибар Карабековна эмгектенди.

         2021-жылдын апрель айынан азыркы күнгө чейин окуу жайды тарых илимдеринин кандидаты Назарбаева Батма Суйналиевна жетектөөдө.

         Биздин колледж орто кесиптик билим берүүчү мамлекеттик окуу жай деп эсептелинет. Азыркы учурда окуу жайда 2 бөлүмдө 49 инженердик-педагогикалык курамы, анын ичинен: 2 илимдин кандидаты, 1 доцент,  2 аспирант, 11 билим берүүнүн мыктысы, 1 окутуучу «Кыргыз нефтегаз» ачык акционердик коомунан келип сабак беришет.

         Азыркы мезгилде Кочкор-Ата колледжинде – 1100гө жакын студент билим алып жатат.

Материалдык техникалык базасы.

      Бүгүнкү күндө окуу жайдын материалдык техникалык базасы чыңдалып, лабораториялык кабинеттер заманбап жаңы технологиялык жабдуулар менен жабдылып, китепканадан баштап бардык кабинеттер компьютерлештирилди. Окуу имараттарынын чатырлары толук жабылып, жылытуу системасы газ, көмүр жана электр энергиясы менен иштейт. Спорт зал, актовый зал, конференция өтүүчү залы жана окуу кааналары капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

            Окуу эмеректери жана окуу китептери жетиштүү деңгээлде сатылып алынды.

        Мындан сырткары 2016-2017-окуу жылында «Азия өнүктүрүүбанкы» менен чогуу иштеп, 6000000 сомдук инвестиция тартылып, окуу-өндүрүштүк устакана жана 2 аудитория толугу менен евроремонт болду, 12 комплект компьютер алынып толугу менен ишке киргизилди. Ошондой эле колледжде 71 комплект компьютер, 4 интерактивдүү доска, 6 проектор, 16 видеокамера, 2 интернет класс, 1 электрондук библиотека, 1 лингафондук кабинет, 1 виртуалдык лаборатория иштейт. Окутуучулардын 90% пайызы классификациясын жогорулатуу курсунан өткөрүлдү.

 

Окуу жайда орто кесиптик билим берүү программасы боюнча төмөнкү адистиктер даярдалат.

ШифрАдистиктердин аталышыАдистин квалификациясыОкуунун мөөнөтүОкуу формасы (күндүзгү, сырттан)
1130503Мунайзат жана газ чыккан жерлерди эксплуатациялоо жана иштетүү.Техник11 база

2жыл 6ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2жыл 10 ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
2130504Мунайзат жана газ кендерин бургулооТехник11база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9база

2жыл 10ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
3240404Нефтини жана газды кайра иштетүү.Техник-технолог11база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9база

2жыл 10ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
4220206Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (графика жана дизайн)Техник9 база

2жыл 10ай

11 база

1 жыл 10 ай

күндүзгү.
5190604Автомобиль транспортторун техникалык жактан тейлөө жана оңдооТехник11 база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2жыл 10ай

11 база

1 жыл 10ай

күндүзгү окуу.
6190503Транспорттордун электр жабдыктарын жана автоматикасын тейлөөТехник-электромеханик11 база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2жыл 10ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
7080110Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысапБухгалтер11 база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2жыл 10ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
8050709Башталгыч класстарда окутуу.Башталгыч класстардын мугалими.11 база

2 жыл 6 ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2жыл 10ай

11 база

1жыл 10ай

күндүзгү окуу.
9050704Мектепке чейинки билим берүүМектепке чейинки балдардын тарбиячысы11 база

2жыл 6ай

күндүзгү, сырттан.
9 база

2 жыл 10 ай

11 база

1 жыл 10 ай

күндүзгү окуу..

 

 

Окуу жайда 2 бөлүм өз ишин жүргүзөт:

  1. «Педагогика жана экономика» бөлүмүндө 28 мугалим эмгектенет, алардын ичинен 2 илимдин кандидаттары, 1 доцент жана 7 билим берүүнүн мыктысы, 1 аспирант бар.

 

«Экономика жана педагогика» бөлүмү төмөндөгү үч адистик боюнча окутуу ишин жүргүзөт:

1 «Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап»

2 «Башталгыч класстарда окутуу»

3 «Мектепке чейинки билим берүү»

 

  1. «Атайын жана техникалык сабактар» бөлүмү

Бөлүмдө 21 окутуучу кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 1 окутуучу «Кыргыз нефтегаз» ААКнан келип сабак берет, 4 окутуучу билим берүүнүн мыктысы, 1 аспирант өз билимин өркүндөтүп билим алууда.

«Атайын жана техникалык дисциплиналар» бөлүмү төмөнкү адисттиктер боюнча окутуу ишин жүргүзөт:

 

1.190604 «Автомобил транспортторун техникалык жактан тейлөө жана ондоо»

2.190503 «Транспорттордун электр жабдыктарын жана автоматикасын тейлөө»  (транспорттук түрлөрү боюнча)

3.130503 «Мунайзатжана газ чыккан жерлерди эксплутациялоо жана иштетүү»

4.240404 «Нефтини жана газды кайра иштетүү»

5.130504 «Мунайзат жана газ кендерин бургулоо»

6.220206 «Башкаруунун жана маалымдоонун автоматташтырылган системасы»;

 

          Бөлүмдө 4 лаборатория бар. Алар керектүү стенд жана жабдуулар менен жабдылган Физика лабораториясы, Химия лабораториясы, ылдамдуу интернетке туташтырылган интернет классы, Компьютердик-лаборатория классы заманбап 25 компьютер менен жабдылган жана ошондой эле окуу жайдын студенттери үчүн акысызWi-Fi бар. 2 тренажордук класс жайгашкан, мындан сырткары Жолдо жүрүүнүн эрежелери кабинетинде атайын колдонулуучу (действующий) макеттер, автодром, нефти жана газ иштери багыты боюнча тажрыйба аянтчасы жана окуу-өндүрүштүк устаканасында токардык цех, электр газ менен ширетүүчү цех, автотранспортторду техникалык жактан тейлөө жана оңдоо цехтери иштейт. Студенттер негизинен лабораториялык-практикалык сабактарды «Кыргыз нефтегаз» ААК жана «Кыргыз петролеум компани» ЖАК лабораторияларында өтүшөт. Окуу процессин өткөрүүдө техникалык багыттагы адистиктер боюнча «Кыргыз нефтегаз» ААКнан тажрыйбалуу мыкты адистери келип практикалык, лабораториялык сабактардыөткөрүүгө тартылат.

Бөлүм боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиби менен ишке орношулгандардын жалпы саны 70% түзөт. Нефти жана газ иштери жана техникалык багыттар боюнча «Кыргызнефтегаз» ААК «Кыргыз геофизика» ААК жана «Кыргыз петролеум компани» ЖАК менен түзүлгөн келишимдердин негизинде 70% бүтүрүүчү адистиктери боюнча ишке жайгашкан, айрыкча сырттан окуу бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өндүрүштө иштешет.

Мындан сырткары 2016-2017-окуу жылында бөлүмдүн «Нефтигаз иштери» багыты боюнча 1 аудитория жана лабораториялык, практикалык сабактар өтүлүүчү окуу өндүрүштүк устаканабыздын 1 бөлүгүн «Азия өнүктүрүү банкынын» проектисине киргизип, оңдоп түзөө иштерин жана лабораториялык-пратикалык сабактарды өтүүдө колдонулуучу жабдууларды утуп алганбыз. Азыркы учурда оңдоп түзөө иштери европалык стандартта толугу менен бүткөрүлүп, жаңы заманбап жабдуулар орнотулууда. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапаты замандын талабына жооп берүүсүнүн себебинен, даярдалган адистер Кыргызстандан башка Россия, Казакстан, Европа жана Араб Мамлекеттеринде иштешет жана талап кылынат.

Илимий изилдөөиштери.

Ар бир окуу жылында окутуучулар, студенттер ЖАМУнун жана Республикалык илимий-практикалык конференцияларга илимий-техникалык конкурстарга катышып, илимий темадагы докладдарын жасап, көргөзмө макет, стенд жана башка куралдарын көрсөтүп, алдыңкы орундарды алып келишет. Нефти жана газ багыты боюнча студенттердин жана окутуучулардын жардамы менен атайын илимий-лабораториялык тажрыйба аянтчасы түзүлгөн.

 

 

Сырткы байланыштар.

Кочкор-Ата колледжи билим берүү жана илим изилдөө багыты боюнча төмөнкү республикалык жана эл аралык окуу жайлар жана мекеме-ишканалар менен тыгыз байланышта иштеп келе жатат.

Кыргыз улуттук Академиясы;

Кыргыз улуттук университети;

Ош мамлекеттик университети;

Ош технологиялык университети;

Кыргыз Мамлекеттик технологиялык университети;

Кыргыз Билим берүү академиясы;

Кокон нефтигаз колледжи;

Ташкент мамлекеттик университети;

Сургут нефтигаз техникуму;

«Кыргыз нефтегаз» Ачык акционердик коому;

Жалал-Абад жана Кара-Балта нефти кайра иштетүүчү заводдору.

«Кыргыз петролеум компани» ЖАК

 

Дареги:    Ноокен району, Кочкор-Ата ш. Транспортная к. №5

Телефон: (03734) 5-31-35,

E-mail:     [email protected]