Кочкор-Ата колледжиМиссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм! Өлкөнүн Баш мыйзамы-бул Конституциясы. Өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн ар бир өлкөнүн ыйык белгилери болуш керек дешет адистер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы кабыл алынып, булардын бардыгы тең Конституция менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайбыз! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин! Урматтоо менен тарых илимдеринин кандидаты Батма Назарбаева
Комментарии