Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжиМиссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
Урматтуу биздин Мекен сакчылар, Аталар, агалар, инилер! Кочкор — Ата колледжинин жалпы эмгек жамааты сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ата Мекенди коргоочу бул — бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес. Бул биздин экономикабызга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салым кошуп келе жаткан ар бир атуулубуз! Кымбаттуу мырзалар, Бардыгыңыздарга ден соолук, узун өмүр, жаркын маанай, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Өлкөбүздө бейпилчилик болсун!
Комментарии