Кочкор-Ата колледжиМиссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
Кочкор-Ата колледжи Баткен окуясынан жабыр тарткандарга жалпы 1 күндүгүн бирдиктүү эсепке которду. Мындан сырткары кесиптик уюмдун майрамдар үчүн бөлүнгөн акчасынан мугалимдердин майрамына деп 10 000 (он миң) сом акча каражатын БатМУдагы кесиптештерибизге котордук. Биздин окуу жайдын жамааты Баткен окуясын терең кайгыруу менен кабыл алып, кесиптик майрамды өткөрбөө чечимин кесиптик уюмдун чогулушунда чечип, каражатты кесиптештерге которуу чечимин кабыл алды. Биз сиздер менен биргеликте тынчтыкта жашоого тилектештигибизди билдиребиз. Биздин жардамыбызды аз да болсо кабыл алыңыздар.
Комментарии