Кочкор-Ата колледжиМиссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
2- ноябрь күнү Кочкор-Ата колледжинде Илим күнүнө карата илимий- практикалык конференция болуп өттү. Анда педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Эшиев Жаркул Абдимиталипович «Адабий көркөм сында Молдо Кылычтын мурастарын окутуу», Момбаева Ф. «Каржы дүйнөгө саякат «, Абдыкарова У. «Студенттердин билим сапатын жогорулатуудагы инновациялык методдордун орду» деген темаларда өз макалаларын окушту. Студенттердин катышуусунда 11 студент педагогика, техникалык багыттарда макалаларын алып чыгышты. Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү маселелерди талкуулоо менен конференция резолюция кабыл алды: 1. Күнүмдүк турмушта, жумушта, ар кандай иштерди аткарууда Мамлекеттик тилде сүйлөшүү; 2. Жаштардын илимий багытта изденүүсүнө көмөктөшүү, жол көрсөтүү. Катышуучулар : Кочкор-Ата колледжинин окутуучулары жана студенттер. Уюштуруучу : Кочкор-Ата колледжинин усулдук иштер боюнча инспектору Джумабаева Элмира Абдиметалиевна.
Комментарии