Кочкор-Ата колледжи
Миссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
Меню
Колледж
Жалпы бөлүм
Кызматкерлер
Чарба иштери
Сыймыктанабыз
Сертификаттар
Методикалык кызмат
Окуу иштери
Өндүрүштүк окутуу (практика жана карьера)
Келишимдер
Маалыматтык — китепкана кызматы
Биз жөнүндө
Тарбия иштери
Лабаратория
Администрация
Жаңылыктар
Галерея
Студенттер
Жадыбал
Арыз жана кайрылуулар үчүн
Талапкер 2023
AVN portal
Жалпы маалымат
Устав
Аккредитация
Буйруктар
Усулдук кеңеш
Камкордук кеңеши
Нормативные документы
Байланышуу
КАКтын өнүгүү стратегиясы
Новости
Кочкор-Ата колледжинде 23-май күнү бүтүрүүчүлөр үчүн кесипке багыт берүү боюнча ачык эшик күнү болуп өттү
27.05.2023
1696
Урматтуу мекендештер, Сиздерди 9-май Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм. Чоң аталарыбыздын улуу эрдигинин арты менен бүгүн эркин жана бейпил жашообузду куруп жатабыз. Ардагерлерибизди сый-урмат менен кадырлоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Баатырларыбызга тазим. Дүйнөдө эч качан согуш болбосун. Жерибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибиз бактылуу болсун. Терең урматтоо менен тарых илимдеринин кандидаты Батма Суйналиевна Назарбаева
13.05.2023
2134
Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм! Өлкөнүн Баш мыйзамы-бул Конституциясы. Өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн ар бир өлкөнүн ыйык белгилери болуш керек дешет адистер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы кабыл алынып, булардын бардыгы тең Конституция менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайбыз! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин! Урматтоо менен тарых илимдеринин кандидаты Батма Назарбаева
13.05.2023
2322
Бүгүн Кочкор-Ата колледжинде «Үлгүлүү уул, тарбиялуу кыз — ата-эненин сыймыгы» аттуу кароо-сынак болуп өттү. Сынакка студенттер ата-энелери менен катышып, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Сынактын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн көрсөтүп, мыктылар ардак грамота, ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.
13.05.2023
157
Бүгүн Кочкор-Ата колледжинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп билим ачкычы” аталышында кароо сынак болуп өттү.
28.04.2023
183
2023- жылдын 23-апрель күнү 1-2-курсттун студенттери үчүн «Коомдо эң мыкты адис бол» аталышындагы Сынак окуу борборунун директору Нурлан Кармышаков менен конок лекция уюштурулду. Ар бир кесипке тишелүү суроо- жоотор талкууланды.
28.04.2023
160
Активдүү жаштардын клубунун бет ачаарына чакырабыз.
[video width="720" height="1280" mp4="https://kak.edu.kg/wp-content/uploads/sites/599/2023/04/video5334981970185168582-1.mp4"][/video]
20.04.2023
182
КР Президентинин 2023-жылдын 31-декабрындагы ишмер Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык бүгүн Кочкор-Ата колледжинде «Мамлекттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиев 90 жашта» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада окуу жайдын окутуучулары жана студенттери докладдарды жасашты, Баяндамалар сүрөт менен коштолгон слайддар суроо жооптор, музыкалык аткаруулар менен коштолду.
17.04.2023
198
Кочкор-Ата колледжинин БКМ — 1 — 21 тайпасы, куратору Сүйүнбаева Гүлайым Дуйшеновна бүгүн 14 апрель “Мугалим — кылымдардын күзгүсү » деген темада тарбиялык саат өткөрдү. Тарбиялык сабактын максаты тайпада окуп жаткан ар бир студенттин — мугалимдердин заманбап , эң алдыңкы мугалим болуп чыгышына шыктандыруу . Ошондой эле бүгүнкү күнү билим алып жаткан студенттер билимдерин ар тараптуу өнүктүрүү үчүн тынымсыз изденүү менен окуу жагын күчөтүу айтылды . Мугалимдин орду , аброю , коомдогу орду жөнүндө концерттик программа , көрүнүштөр тартуу болду .
17.04.2023
174
Бүгүн Кочкор-Ата колледжи, жалпы республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан ишембиликке чыгышты. Ишембиликте окуу жайдын айлана — тегерегин тазалап ирээтке келтиришти. Окуу жай тазалыкты өзүбүздөн баштайбыз деген ураан менен ишембиликти өткөрүштү.
12.04.2023
153
Урматтуу айымдар, бүгүнкү 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктаймын! Баарыныздарга өңү өчкүс, эч бөксөргүс бакытты, таштай бекем, темирдей курч ден соолукту, жашоонун эң кызыктуу эң маанилүүсү жана маңызы болгон үй бүлөлүк шаттыкты, узун өмүр, бакубат жашоону каалайм! Аял- ЭНЕ Аял-Жар Аял- дүйнөдө теңдешсиз асыл жан деп бекер айтылбаса керек. Бар болуңуздар биздин урматуу асылзаада Айымдар! Аялзаты — бул жашоонун булагы, Аялзаты — үй-бүлөнүн дубалы. Келбетине эч бир тоскоол боло албайт, Элүү, алтымыш, сексен,токсон курагы. Майрамыңыздар менен! Терең урматтоо менен Кочкор- Ата колледжинин директору, тарых илимдеринин кандидаты Батма Назарбаева.
12.04.2023
200
Кочкор-Ата колледжинде 3-март туу күнү белгиленди.
12.04.2023
162
1 / 5
1
2
3
4
5
›