Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжиМиссия: Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо
Урматтуу Мекендештер жана Кочкор -Ата колледжинин жалпы жамааты! Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз – тынчтыктын, илгери үмүттүн жана молчулуктун жарчысы. Кылымдарды карытып бизге жеткен бул майрам руханий мазмуну, терең философиялык мааниси менен өзгөчөлөнүп турат. Жаз майрамы адамзаттын турмушунда өзгөчө орун ээлеп, илгери үмүт тартуулап, аруу ниетке жетелеп келет. Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, асыл тилектер жана жаркын үмүттөр менен, өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн аракеттенүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылык жана тынчтык болсун. Терең урматтоо менен тарых илимдеринин кандидаты Батма Суйналиевна Назарбаева
Комментарии