Кочкор-Ата колледжинде «Мамлекеттик туу» күнү белгиленди.
2-март Кочкор-Ата колледжинде Мамлекеттик туу күнү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Авторлору: С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков. Туунун кызыл түсү – акыйкаттыкты, нарк-дөөлөттү жана каармандыкты; нурга бөлөнгөн алтын күн – бейкуттукту жана байлыкты билдирет. Ал эми түндүк – ата конуштун, укум-тукум улоонун, Кыргызстандын бардык элдерине, кеңири мааниде айтканда, бүткүл дүйнөгө, ай-ааламга карата мээрмандыктын символу болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата ачык сааттарды Г.Д. Сүйүнбаева, О.М. Бийжанова жана Г.А. Эргешова жогорку деңгээлде өтүштү, жана ар бир тайпада куратордук сааттар өтүлдү. Ачык сабакка «Ички иштер министрлигинин УНАА Мамлекеттик мекемесинин Ноокен секторунун адиси» Аманбаев Махмуд Шавкатович да келип катышты.
Комментарии